• Башкы бет
  • Польшанын өкмөт башчысы качкындар боюнча НАТОго кайрылды
11:57, -ж., 15-ноябрь

Польшанын өкмөт башчысы качкындар боюнча НАТОго кайрылды

Польшанын өкмөт башчысы качкындар боюнча НАТОго кайрылды

Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий НАТОго кайрылып, Беларус менен чек арадагы миграциялык кризисти чечүү үчүн «батыл чараларды» көрүүгө чакырды.

Ал ошондой эле мигранттардын агымы күч менен киргенге аракет кылары күтүлүп жатканын билдирди. Бир күн мурда Беларус тараптан 200дөй адам Евробиримдикке мүчө мамлекетке күч менен киргенге аракет кылышкан.

Жакынкы Чыгыштан келаткан миңдей адам учурда Беларус-Польша чек арасындагы лагерлерде, начар шарттарда жан багууга аргасыз болуп турушат. Евробиримдик аларды өз мекендеринен алып келип, шаркетти көздөй айдактаганы үчүн Александр Лукашенкону күнөөлөп жатат.

Ал бул дооматтарды четке кагып, мигранттарды кабыл албай жатканы үчүн Евробиримдикти айыптоодо. Шаркет бул үчүн Минскиге санкция салынарын эскертти.

Польшанын чек арачылары «Твиттерге» 14-ноябрда жазгандай, ушул тапта «Кузница аймагындагы лагердеги мигранттар арасында толкундоолор байкалып турат. Алар чек арадан өтүүгө катуу аракет жасашат». Польша ошондой эле алардын чек арачылары каршылык көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Буга чейинки маалыматтарга караганда, мигранттар Польшанын чек арачыларын көздөй таш ыргытып, чабуул жасашкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...