• Башкы бет
  • Ооганстанда журналисттин өлүмүн "Ислам мамлекети" кыймылы өз моюнуна алды
11:55, 2021-ж., 15-ноябрь

Ооганстанда журналисттин өлүмүн "Ислам мамлекети" кыймылы өз моюнуна алды

Ооганстанда журналисттин өлүмүн "Ислам мамлекети" кыймылы өз моюнуна алды

Кабулдун шийилер жашаган конушундагы автоунаага коюлган бомба жарылуусунан каза болгон ооган журналисти Хамид Сегханинин өлүмүнө жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму алды.

Бул тууралуу 14-ноябрда суннилер жетектеген "Ислам мамлекети" тобунун туундусу болгон "Ислам мамлекети-Хорасан провинциясы" өзүнүн Telegram каналында билдирүү жасады.

"Талибан" кыймылынын өкүлү Забихулла Мужахид жардыруудан кеминде бир карапайым тургун набыт болуп, төрт адам жаракат алып ооруканага жаткырылганын, бул окуя боюнча талибдердин иликтөөсү жүрүп жатканын билдирди.

Ооганстандын журналисттер борбору Кабулдун батышындагы Дашт-э Барчи конушунда 13-ноябрда болгон жардыруудан Ariana телеканалында иштеген журналист Хамид Сегхани каза тапканын жазган.

Дашт-э Барчи аймагында шиит этникалык хазарлар көп отурукташкан. "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери 2020-жылдын 12-майында Дашт-э Барчи ооруканасынын төрөт бөлүмүнө кол салып 24 адам каза болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...