11:54, 2021-ж., 15-ноябрь
Республиканын аймагында акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды

Өлкө аймагында соңку суткада 9өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт чыккан облус-шаарлар:
- Бишкек шаарында — 2,
- Жалал-Абад облусунда — 4,
- Чүй облусунда — 1,
- Баткен, Талас облустарында бирден өрт кырсыгы катталды.
Бишкектин Арча-Бешик конушундагы Ак-Кайың көчөсүндө өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу тунуке менен жабылган жалпы аянты 40 ч.м. көмүркана, 1,5 тонна көмүр, 0,5 тонна тезек күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Совмин шаарчасында «Акнет» компаниясына караштуу интернет кабели күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
Кечээ
14:32
Кечээ
13:23
-ж., 24-март
13:20
-ж., 24-март
13:18
-ж., 24-март
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер