• Башкы бет
  • Сузакта иске ууланган келин менен балдары ооруканага жеткирилди
11:44, 2021-ж., 15-ноябрь

Сузакта иске ууланган келин менен балдары ооруканага жеткирилди

Сузакта иске ууланган келин менен балдары ооруканага жеткирилди

Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында үйүндө балдары менен чогуу иске ууланган келинди ооруканага жеткиришти. Бул тууралуу кечээ, 14-ноябрда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Мелис Беймуратов билдирди.

Анын айтымында, ал айылдын 1998-жылы туулган тургуну С. кызы З. болгон. Учурда келинди комадан чыгаруу үчүн медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Айыл тургундарынын айтымында, иске ууланган келин менен анын 3 баласын бүгүн, 14-ноябрда абысыны келип көрүп калган. Туугандары тез жардам чакырышкан. Бирок тез жардам келгенге чейин алар өзүлөрү келин менен 3 баласын ооруканага алып барышкан. Бирок балдар каза болуп калган. Балдардын улуусу К.А. 2015-жылкы болсо, кичүү эгиз инилери К.А. менен К.Э. 2017-жылкы болгон. Окуя тууралуу Сузак РИИБге маалымат берилди.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, көз жумган балдардын туугандары соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартып, эч кимге дооматтары жок экендигин билдиришти. Аталган окуя Сузак РИИБде уулануу фактысы боюнча каттоого алынып, иликтөө жүрүп жатат.

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Майсал Өмүрзаковдун айтымында, келин кайын журту менен бирге турчу. Жолдошу Москвада иштеп жүргөн.

«Адаттагыдай кечинде мешке от жагышкан экен. Балдардын энеси ооруканада жатат, абалы жакшырса экен деп тилеп жатабыз. Жаш түгөйлөр экен. Былтыр да ушул айылда өспүрүмдөр ууланган учур катталган. Көмүрдүн сапаты боюнча бир иш мерчем кароо боюнча ойлонуп жатабыз», - деди ал.

Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө 30 миңге жакын адам жашайт.

Буга чейин ӨКМ 13-ноябрда 14-ноябрга караган түнү Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында кичинекей 3 бала иске ууланып каза болгонун кабарланган.

Маалыматка караганда, көз жумган балдардын чоңу 6 жашта болсо, кичүүлөрү 4 жаштагы эгиз балдар болгон. Балдардын апасы да оор абалда экени айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...