14:08
-ж., 29-февраль
Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери пара опузалоого шектелүүдө, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы 13-ноябрда Аламүдүн РИИБдин 2 тергөөчүсүн кармашты. Алар алдамчылык боюнча козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн Н.Д. аттуу жарандан 70 миң сом талап кылышкан.
Г.М.Ш. жана Б.К.Н. аттуу тергөөчүлөр 10-ноябрда 70 миң сомду алышкан. Аталган сумма банк картасына которулган болчу. Андан соң Г.М.Ш. 12-ноябрда кылмыш ишти тергөөнү токтотуу тууралуу токтом чыгарган.
Комментарийлер