• Башкы бет
  • Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жана жаан жамгыр жаайт
11:35, 2021-ж., 15-ноябрь

Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жана жаан жамгыр жаайт

Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жана жаан жамгыр жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, ,бүгүн, 15-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн -3…+2

күндүз -1…+4

Талас облусунда

түнкүсүн -4…+1

күндүз -1…+4

Баткен облусунда

түнкүсүн 0…-5

күндүз +2…+7

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн 0…+5

күндүз +2…+7

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн 0…-5

күндүз +5…+10

Нарын облусунда

түнкүсүн -5…-10

күндүз 0…+5

Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз +2…+4 градуска жетет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...