• Башкы бет
  • "Акча талап кылуу" фактысы менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
17:32, 2021-ж., 13-ноябрь

"Акча талап кылуу" фактысы менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

"Акча талап кылуу" фактысы менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кечээ, 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жазык проссесттик кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу тобтун активдүү мүчөсү “З.Б.” жана “С.А.” аттуу Кыргыз Республиксынын жараны кармалды. 

Кармалган жаран “Б.И.” аттуу КР жаранынан күч колдонуу жолу менен коркутуп 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды.

 Кармалган “З.Б.” Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жүрүп жатат.

КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...