17:27, -ж., 13-ноябрь

Чүйдө майнинг ферма аныкталды

Чүйдө майнинг ферма аныкталды

 УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын электр тармактарына чоң зыян келтирген, Ысык-Ата районунун Дружба айылында мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан майнинг-ферма аныкталды. 

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизиндеги ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет өлкөлүк жарандар тарабынан күнөскана көрүнүшүндөгү 2500 даана тиешелүү жабдууларды орнотуу менен “майнинг-ферма” уюштурганы аныкталды. 

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан аталган майнинг-ферманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, анын мыйзамдуулугун жана энергетика тармагына келтирилген зыянды эсептөө жана сервердик жабдыктарды өлкөгө алып келүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 

 Тергөө иштери уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...