• Башкы бет
  • Президенттин Стамбулдагы иш сапарына кимдер коштоп барды?
15:08, 2021-ж., 12-ноябрь

Президенттин Стамбулдагы иш сапарына кимдер коштоп барды?

Президенттин Стамбулдагы иш сапарына кимдер коштоп барды?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Түркия Республикасынын Стамбул шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Ал Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммитине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...