15:04, 2021-ж., 12-ноябрь
Кара-Сууда тойдун кортежи жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салынды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, окуя 9-ноябрда Ош–Кара-Суу унаа жолунун 5-чакырымында болгон. Айдоочулар үйлөнүү той үчүн чыккан унааларды башкарып бара жатышат.
«2001-жылы туулган А.Э. "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унаасы менен 2000-жылы туулган Э.С. "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаасы менен карама-каршы багытка чыгып айдаганы үчүн 5500 сомдон айып пул салынды», - деп айтылат маалыматта.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
Кечээ
14:32
Кечээ
13:23
-ж., 24-март
13:20
-ж., 24-март
13:18
-ж., 24-март
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер