• Башкы бет
  • Ош шаарынын 59 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
15:03, 2021-ж., 12-ноябрь

Ош шаарынын 59 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Ош шаарынын  59 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Ош шаарынын жашоочуларынын 59 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Жанара Токсонбаева билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө эмдөө боюнча Ош шаары экинчи орунга чыкты. Муну менен катар эле бүгүнкү күндө коронавирус илдетине каршы эмдөө жөнүндө түшүндүү иштери дагы да күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат.

«Бүгүнкү күндө 70 миң 221 жаран вакцинанын биринчи дозасын алды. Муну менен биз 59 пайызды багынттык. 56 миң 662 жаран экинчи дозаны алып, толук эмделип бүттү. Ушул тапта да вакцина алуу үчүн келгендер бар. Ош шаарынын элинин 70 пайызын эмдөө менен камтып алсак жакшы ийгиликке жеткен болобуз. Бүгүнкү күндө вакцина кенен, баарына жетиштүү. Жарандардын көпчүлүгү "Pfizer" вакцинасын алууга келип жатат. Себеби чет жактарга чыгуу үчүн ушул вакцинаны күтүп жүрүшкөн экен. Эки күндүн ичинде бул вакцинаны 91 адам алды», - деди Жанара Токсонбаева.

Ош шаарында 29-марттан баштап коронавируска каршы «Sinofarm» компаниясынын таасирдик күчү азайтылган «Veroseel» жана Россиянын «Sputnik-V» вакциналары менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Учурда Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунда Улуу Британиядан, Казакстандан чыгарылган вакциналар жана Германиянын биотехнологиялык компаниясынын «Pfizer» вакцинасы бар.

Буга чейин коронавируска каршы эмдөө боюнча Нарын шаары алдыда экени айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...