• Башкы бет
  • Ош шаарынын спортчулары эл аралык мелдештен байгелүү кайтышты
14:57, 2021-ж., 12-ноябрь

Ош шаарынын спортчулары эл аралык мелдештен байгелүү кайтышты

Ош шаарынын спортчулары эл аралык мелдештен байгелүү кайтышты

5-6-7-ноябрда күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында болгон 11-дүйнөлүк Карате-До Шотокан чемпионатына Ош шаарынын 25 спортчусу катышып, 36 медаль менен кайтышты. Бул тууралуу машыктыруучу Абдуалым Уланбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Стамбул шаарында өткөн чемпионатка 30дан ашык өлкөнүн спортчулары катышты. Мелдешке Кыргызстандын атынан 50дөн ашуун спортчу катышкан. Анын ичинен 25 спортчу Ош шаарынан болгон.

«Бул мелдеш биз үчүн жемиштүү болду. 4-5 жыл токтоосуз машыккандын натыйжасында биздин балдар 15 алтын, 12 күмүш жана 14 коло медаль утуп келишти. 3 күн аралыгында 25 спортчу ар кандай категориядагы мелдештерге катышып, жалпы 36 медалга ээ болгонго үлгүрүштү. Бизде мелдешке катышкан спортчулардын ичинен эң кичүүсү 8 жашта болсо, улуусу 25 жашта. Өлкөдө спортко өзгөчө көңүл бурулуп, бул тармакка келген жаштардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Эң негизгиси спортчуларыбызды ата-энелери ар тараптан колдоп турушат. Ата-энелер учакка болгон билетти жана спорттук кийимди өздөрү алып беришип, акчалай колдоо көрсөтүштү», - деди машыктыруучу Абуалым Уланбек уулу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...