14:55, 2021-ж., 12-ноябрь
Ошто саясий партиянын баннерин тытып кетишти

Ош облусунун Араван районунда саясий партиянын баннерин тытып кетишкен. Учурда бул окуя териштирилип жатканын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, 10-ноябрда саат 08:22 чамасында Араван районунун борборунда «Азаттык» партиясынын плакаты белгисиз жагдайда жыртылып калганын милициянын участкалык тескөөчүсү, милициянын майору Ж.А. телефон аркылуу Араван РИИБге кабарлаган.
«Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп, тергөө тапшырмалары берилип, плакат кандай жагдайда жыртылганын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:23
Кечээ
13:20
-ж., 29-март
13:19
-ж., 29-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер