Ош МУнуну ректору боюнча билим берүү министри үн катты

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековду иштен кетирүү туура эмес, деп билдирди билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев АКИpress маалымат агенттигине.
Ал айрым партиялардын үгүт иштеринин жүрүшүндө ОшМУнун айрым окутуучулары менен студенттер аянтта болуп калганы кокустук болушу мүмкүн деп эсептейт.
«Балким, муну деканат, тагыраак айтканда декан менен окутуучулар атайылап жасашкан. Эч кимге билдирбестен, эскертүүлөрдү такыр этибарга албай, мындай кадамга барууга батынышкан. Менин оюмча, бул тууралуу ректор билген эмес. Эгер билсе, жол бербейт эле. Мен буга ишенем», - деди министр.
Анын айтымында, ректорго эскертүү берилип, териштирүү аяктаганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди. Комиссия түзүлдү.
«Ректор менен Ички иштер министрлигинде да, округдук шайлоо комиссиясында да, шайлоо комиссиясында да териштирдик. Аларда ректор боюнча маселе жок, анткени ал окуяга дароо реакция кылды — баарын уюштурган деканды жана 2 мугалимди жумуштан бошотту. Эгерде ректор катышуучу болуп, кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү, буйруктарды берип, үгүт иштерине түздөн-түз тиешеси бар болсо, анда аны кызматтан алуу аздык кылмак.
Кудайберди Кожобековдой болгон адамдар, жетекчилер, окумуштуулар иштеши керек, анткени биздин өлкөдө ишти жакшы уюштура билген, ишин оң нукка бурган сапаттуу кадрлар анчалык деле көп эмес. Бул ар кимдин колунан келе бербейт. Биз бүгүнкү күндө бар болгон кадрдык потенциалды баалашыбыз керек», - деген пикирин билдирди Купешев.
Анын айтымында, бул окуялар болгондо ал Түркияда иш сапары менен жүргөн.
«Мен келгенден кийин дароо эле ОшМУ менен иш алып барууга кириштим, биз дагы бир жолу ректорлордун чогулушун өткөрүп, шайлоо процессине кийлигишкендер үчүн жоопкерчиликти дагы бир жолу эскертип, мыйзамдуу түрдө түшүндүрүп, эскерттик», - деп айтып берди министр.
Комментарийлер