• Башкы бет
  • Тогуз-Тородо жаш кыз Нарын дарыясына агып кетип каза болду
11:43, 2021-ж., 11-ноябрь

Тогуз-Тородо жаш кыз Нарын дарыясына агып кетип каза болду

Тогуз-Тородо жаш кыз Нарын дарыясына агып кетип каза болду

8-ноябрь күнү Тогуз-Торо районунда Нарын дарыясына агып кеткен жаш кыздын денеси  9-ноябрда табылган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, куткаруучуларга «102» кызматынан саат 17:41де Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында Нарын дарыясына Табылгыты айылынын 2007-жылы туулган тургуну Б.Д. түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, 9-ноябрь күнү улантылды.

Аны табууга ӨКМден 16 куткаруучу, РИИБден 15 кызматкер, Сары-Булуң айыл аймагынан 36 (6 адам ат менен) адам, туугандарынан 2 адам, жалпы 69 адам тартылган. Алар Коён-Токой тилкесинен Дүкүр тилкесине чейинки аралыкта, Нарын дарыясынын жээгинде 2 топко бөлүнүп, издөө иштерин жүргүзүштү. Саат 10:45те кыздын жансыз денеси Сары-Булуң айыл аймагынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...