Ош шаарында кайыр сурап жүргөн 2 бала мамлекеттик карамагына алынды

Ош шаарында кайыр сураган эки жаш бала мамлекеттин карамагына алынды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 8 жана 11 жаштагы эки бала А.Шакиров көчөсүндөгү коомдук тамактануучу жайлардын алдында жана тамактануучу жайлардын ичине чейин кирип, кайыр сурап жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат алып, текшерүү жүргүздү. Текшерүү учурунда аталган факт аныкталды. Милиция кызматкерлери эки жаш өспүрүмдү бөлүмгө алып келип, алар менен маектешүү жүргүзүшкөн.
Жаш балдар апасы аларды таң аткандан кечке чейин кайыр сураганга мажбурлап жаткандыгы, күндө 1500 сом алып келүү керектигин, аны таппаса кечинде урушарын айтып беришкен.
«Апабыз аяш энебизге 80 миӊ сом карыз. Аяш энем күндө акчасын сурайт. Аз акча таап келсек апабыз дагы, аяш энебиз дагы урушат. Ашканалардан, үйлөрдүн эшиктерин каккылап, акча сурайбыз. Биздин тапкан акчага жашайбыз, батирдин акчасын төлөшөт. Аяш энем менен апам иштебейт», - деп айтып беришти алар.
Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери социалдык жактан коргоо кызматы менен биргеликте иш алып барып, эки өспүрүм теӊ мамлекеттин карамагына алынды. Ал эми апасы жана аяш энесинин үстүнөн Жазык кодексинин 181-беренеси (жашы жетелекти коомго каршы аракеттерге тартуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Комментарийлер