• Башкы бет
  • Бишкекте тыюу салынган уюмдун жетекчиси менен активдүү мүчөсү кармалды
16:16, 2021-ж., 10-ноябрь

Бишкекте тыюу салынган уюмдун жетекчиси менен активдүү мүчөсү кармалды

Бишкекте тыюу салынган уюмдун жетекчиси менен активдүү мүчөсү кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында тыюу салынган адабияттарды таратууга, ошондой эле жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз иштерге тартууга аракеттенген «Хизбут-Тахрир» жашыруун топторунун биринин жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. 

Алардын кезектеги жыйынына чогулуу учурунда кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп, ал жыйынга катышкан жаш муунду өстүрүү жана окутуу боюнча экстремисттик «Хизбут-Тахрир» идеологдору тарабынан аталган жыйынга дуушар болгон жашы жете элек өспүрүм балдардын тобу катышкандыгы аныкталды.  

Кылмыштуу топтун башчысы коңшу мамлекеттердин биринин жараны болгон, ал кармалгандар менен бирге УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жашыруун уячалардын мүчөлөрүнүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда, тыюу салынган көп сандагы адабияттар, жан ошондой эле электрондук алып жүрүүчүлөр табылып алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

УКМК жарандардын тыюу салынган уюмдарга мүчөлүгү, ошондой эле жаш балдарды диний-экстремисттик жана башка кылмыштуу аракеттерге тартуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...