Кыргызстанда 500дөн ашык дары-дармектин баасы төмөндөтүлдү

Калк үчүн экономикалык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана дары-дармектердин бааларын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин протоколдук тапшырмаларын аткаруу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу комиссия фармацевтикалык компаниялар менен биргеликте керектүү дары-дармек каражаттарынын баасын төмөндөтүү багытында дары-дармек менен камсыздоо чөйрөсүндөгү абалды талдоо боюнча бир катар чараларды ишке ашырды.
Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча биринчи этапта жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирген жана түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалда калктын арасында чоң суроо-талапка ээ болгон ар кандай өндүрүүчүлөрдүн 500дөн ашык дары-дармектер аныкталып, алар бүгүнкү күндө ири дарыкана түйүндөрүндө дүң жана чекене баалары мурунку баасын 10% дан 68% га чейин төмөндөтүлдү.
Азыркы учурда жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тобунун жеткиликтүүлүк абалына баа берүү максатында импорттук, дүң жана чекене баалары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүлүүдө.
Ошону менен бирге, дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуу Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы №91- «Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомунун негизинде жүргүзүлөт».
Баалардын реалдуу абалына системалуу түрдө мониторинг жүргүзүү үчүн дарыкана түйүндөрүндөгү бааларды төмөндөтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин сайтында жайгаштырылып, коомчулукка жеткирилип турат.
Комментарийлер