• Башкы бет
  • Бүгүн милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн кесиптик майрамы белгиленди
16:11, -ж., 10-ноябрь

Бүгүн милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарында милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн кесиптик майрамына карата иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош ОИИБдин жетекчиси Жеңишбек Абитов, ички иштер органдарынын ардагерлери, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Абдималик Нурматов, ОИИБдин жана РИИБдин аймактык тескөөчүлөрү катышты.

Салтанаттуу иш-чарада башкармалыктын жетекчиси кесип ээлерин майрамы менен куттуктап, коомдук коопсуздукту сактоодо салымын кошкондугу үчүн бир катар кызматкерлерге төш белгилерди, ардак грамоталарды, ошондой эле кол сааттарды тапшырды. Андан кийин Абдималик Нурматов кесип ээлерин куттуктап, баалуу сыйлыктарды берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...