• Башкы бет
  • Ошто пневмонияга чалдыккан балдардын абалы оор бойдон калууда
16:09, 2021-ж., 10-ноябрь

Ошто пневмонияга чалдыккан балдардын абалы оор бойдон калууда

Ошто пневмонияга чалдыккан балдардын абалы оор бойдон калууда

Ош облустук балдар ооруканасында пневмонияга чалдыккан балдардын саны көбөйүп, абал оор бойдон калууда. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов тастыктады.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ош облустук балдар ооруканасында жалпы 595 бейтап дарыланып жатса, анын ичинен 310 балада сасык тумоо күчөп, пневмониядан жабыркаган.

«Абал азырынча турукташа элек. Бүгүнкү күндө пландалган кабыл алууларды токтотконбуз. Жалаң гана оор абалда, шашылыш кайрылган бейтаптарды кабыл алып жатабыз. Кошумча койкалар даярдалган. Дары-дармек баары жетиштүү. Бир гана көйгөй — бейтаптарга орун жетишпей калууда. Биздин ооруканага башка аймак, облустардан оор абалда кайрылгандар болуп жатат. Ошондуктан орун жетишпей калган учурлар бар. Мурда кабыл алуу бөлүмдөрүндө бирден дарыгер болсо, азыр төрт дарыгер иштеп жатат. Райондордон күнүнө бирден дарыгер келип иштөөдө. Күчөтүлгөн тартипте иш алып баруудабыз», - деди ал.

Шаятбек Абдурахманов өткөн жылы да ушундай абал катталганын айтат. Бирок ага салыштырмалуу быйыл бейтаптар эки эсе көп. Ал балдарда сасык тумоо оор өтүп жатканын белгиледи.

«Өткөн жылды эске алсак, эң көп катталганы 140-150 балага жеткен. Быйыл 300дөн ашып кетти. Быйылкы жылдагы сасык тумоо дароо балдардын өпкөсүн жабыркатып жатат. Пневмония көбөйүп жатканы ошондон болууда. Бирок ошондой болсо да өлүмгө жеткирбей, өмүрүн сактап калууга аракет кылып жатабыз. Пневмониядан жабыркаган балдар арасында өлүм катталган жок», - деди Шаятбек Абдурахманов.

Буга чейин Ош облусунун аймагында балдар арасында пневмония ооруусу көбөйүп кеткендиктен ооруканаларда орундар жетишпей жаткандагы туралуу Шаятбек Абдурахманов 27-октябрдагы коллегиялык жыйында билдирген.

Ош облустук балдар ооруканасында орун жетпей, шаардык ооруканада кошумча 60 керебет бөлүнүп берген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...