Ошто мамлекеттик кызматкер үгүт материалын социалдык баракчасына бөлүшүп алган

Ош облусунун Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Мунасидин Аскаров өзүнүн Фейсбук баракчасына партиянын талапкеринин үгүт сүрөтүн бөлүшкөндүгү жөнүндөгү маалымат Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин бул билдирүү Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да бул боюнча териштирүү жүргүзгөн.
«Маалыматтардын электрондук журналына катталып, кошумча маалыматтар топтолгон. Материал алгач аймактык шайлоо комиссиясына жана БШКга жөнөтүлгөн. Буга чейин бул билдирүүлөр боюнча УКМКда текшерүүлөрдү жүргүзгөн экен», - деди Аширбаев.
·Сөз Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан коюп жаткан Саидбек Зулпуевдин (тизмеде №26) үгүт материалы тууралуу болуп жатат.
·Зулпуев 2012-жылдын январь айынан баштап 2021-жылдын август айына чейин Банктарды реструктуризациялоо агенттигинде директор болуп иштеген.
Мунасидин Аскаров өзүнүн түшүнүк катында 30-октябрда Фейсбук социалдык тармагында талапкер С.Зулпуев тууралуу маалымат көрүп, жактыруу белгисин басып алганын көрсөткөн. 15-20 мүнөттөн кийин өчүргөн. Анын айтымында, бул иши менен үгүт саясатын жүргүзгөн эмес.
Түшүнүк кат Көк-Жар шайлоо округунун төрайымы В.Гиниятуллинанын атына жазылган.
Комментарийлер