Сузакта каракчылыкка айыпталган 3 жаранга сот өкүм чыгарды

Сузак райондук соту каракчылык боюнча айыпталган 3 тургундун жазык ишин карап чыгып, өкүм кабыл алды. "Турмуш" басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.
Капарбек (аты өзгөртүлдү) 1988-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы, билими орто, убактылуу эч жерде иштебейт. Мурда Ноокен райондук сотунун 2014-жылдын 3-декабрындагы өкүмүнүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (эски ред. Зордуктоо) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жалал-Абад облустук сотунун 2015-жылдын 30-январындагы өкүмү менен Ноокен райондук сотунун 2014-жылдын 3-декабрындагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Жогорку соттун 2015-жылдын 13-майындагы токтому менен жогорудагы көрсөтүлгөн сот актылары күчүндө калтырылган. Жогорку соттун 2019-жылдын 2-апрелиндеги токтому менен мурдагы чыгарылган өкүмдөр өзгөртүлүп, Жазык кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Зордуктоо) боюнча 10 жылга эркиндигинен ажыратылган. Өтөлбөй калган 1 жыл 8 ай 10 күн калган. Бул жолу Жазык кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Каракчылык) менен айыпталууда. 2021-жылдын 13-июлунан бери камакта.
Иман (аты өзгөртүлдү) 1961-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган, аялы менен ажырашып кеткен, эки баланын атасы, билими орто, убактылуу эч жерде иштебейт. Мурда соттолгон эмес. Жазык кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Каракчылык) менен айыпталууда. 2021-жылдын 14-июлунан бери камакта.
Мунарбек (аты өзгөртүлдү) 1978-жылы Сузак районунда туулган, үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Мурда соттолгон эмес. Жазык кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, 3-бөлүмүнүн 3-пункту (Каракчылык) менен айыпталууда. 2021-жылдын 14-июлунан бери камакта.
Тергөө органдарынын маалыматына караганда, 2021-жылдын 12-июлунда саат 16:30 чамасында Сузак районундагы айылдардын биринде жабырлануучу Жунус (аты өзгөртүлдү) «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен жүргөндө, ага Капарбек, Иман менен Мунарбек: «Серный айылындагы сайга жеткирип коюңузчу» деп айтышкан. Бирок ээн жерде бычак такашып, «унааны бер, арткы орунга өт. Азыр союп, сайга ыргытып жиберебиз» деп коркутушкан. Андан кийин колдорун кайрып, муунтуп, жанындагы 2 700 сом акчасын алып, унаасын тартып алышкан.
Натыйжада жабырлануучу жеңил дене жараат алып, ага 28 700 сом материалдык зыян келтирилген. Бул зыян тергөө амалдарынын жүрүшүндө толугу менен кайтарылып берилген.
Сот отурумунда айыпталуучу Капарбек угузулган айыбы боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, буларды көрсөттү: 2021-жылдын 12-июлунда саат 16:30 чамасында «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаасын такси катары жалдап, Серный айылындагы сайга барышкан. Ал жерде Иман жабырлануучудан 200 сом сураган. Ал акчага суусундук алганы дүкөнгө кирген. Ошондой эле, «унааңызды айдап көрөйүнчү» деп сураган. Андан ары Арстанбап айылына эс алууга барып келүү үчүн жалдашкан. Жолдо ЖКККБ кызматкерлери кубалашкан. Мас абалда болгондуктан, алардан качып кетүү үчүн унааны Шыдыр айылына айдаган. Күтүүсүздөн унаа бузулуп, от албай калган. Андан кийин өзү жашаган айылына жөө барып келгенде, унаада эч ким болгон эмес. Унааны оңдоп, үйүнө токтотуп койгон. Эртеси милиция кызматкерлери алып кетишкен.
Айыпталуучу Капарбек жабырлануучуну коркутпаганын, жанындагы акчасын албагандыгын, Жунус унааны өз макулдугу менен бергенин көрсөтүп, соттон жеңилдик берүүнү сурады.
Сот отурумунда айыпталуучу Иман угузулган айыбы боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, буларды көрсөттү: 2021-жылдын 12-июлунда саат 16:30 чамасында таанышы айдаган дарбыздан жеп келүү үчүн шериктери Капарбек жана Мунарбек менен чогуу мас абалда «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаасын такси катары жалдап, жол акысын 200 сомго келишип, сайга барышкан. Ал жерде жабырлануучудан 200 сом сураган. Ал акчага дүкөндөн суусундуктарды алып, жабырлануучу өзү да ичкен. Андан кийин Жунусту Арстанбап айылына эс алууга барып келүү үчүн жалдап, жол акысын 10 000 сомго келишишкен. Жолдон ЖКККБ кызматкерлери кубалашкан. Капарбек мас абалда болгондуктан алардан качып кетүү үчүн унааны катуу ылдамдыкта айдаган. Тоодо унаа бузулуп, от албай калган. Капарбек өзүнүн айылына жөө кетип калган. Ал эми Мунарбек сай тарапка кеткен. Айыпталуучу Иман шериктерин күтүп отуруп, алар келбегендиктен жабырлануучу менен дүкөнгө барган.
Айыпталуучу Иман тиштери жок болгондуктан протез колдонуп, алма кесип жеш үчүн бычагын дайыма жанында алып жүргөндүгүн, эртеси күнү аны милиция кызматкерлери кармап кетишкенин, жасаган кылмышы үчүн чын дилинен өкүнгөндүгүн кошумчалап, соттон жеңилдик берүүнү сурады.
Сот отурумунда айыпталуучу Мунарбек угузулган айыбы боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, буларды көрсөттү: 2021-жылдын 12-июлунда саат 16:30 чамасында спирт ичимдиктерин ичип, Капарбек жана Иман менен Серный айылына барган. Андан кийин дарбыз жеп, эс алып келүү үчүн «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаасын такси катары жалдашкан. Мас абалда болгондуктан унаанын арткы орундугуна отурган. Жабырлануучуга бычак такап коркутуп, ага күч колдонуп акчасын алышкандыгын көргөн эмес. Жолдо ЖКККБ кызматкерлери артынан кубалаган. Рулда отурган Капарбек мас абалда болгондуктан алардан качып кетүү үчүн катуу ылдамдыкта айдаган. Тоо жакта унаа бузулуп от албай калган. Андан кийин Мунарбек сайдын боюна барып, бетин жууп, жолго чейин жөө басып барган. Эртеси күнү аны милиция кызматкерлери кармап кетишкен.
Ал жасаган кылмышы үчүн чын дилинен өкүнгөндүгүн көрсөтүп, соттон жеңилдик берүүнү сурады.
Сот отурумунда жабырлануучу Жунустун айтымында, 2021-жылдын 12-июлунда саат 16:30 чамасында «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен эл ташып иштеп жүргөн. Жолдон айыпталуучулар жалдап, «Серный айылындагы сайга жеткирип коюңузчу. Досубуз дарбыз эккен, жеп келебиз» деп айтышкан. 200 сомго жеткирүүгө макул болуп, бирок ээн талаадагы таштак жерге айдатып барышкан. Ошондо айыпталуучу Иман ага өзүнүн жанындагы бычагын такап, «эгерде акча бербесең , сени өлтүрүп, сайга ыргытып жиберебиз» деп коркуткан. Ал эми Капарбек автоунаадан тартып түшүрүп, арткы орундукка отургузуп, унааны өзү башкарып, Арсланбоб айылын көздөй айдаган. Жолдон ЖКККБ кызматкерлери кубалашкан. Капарбек унааны катуу ылдамдыкта айдап, Шыдыр айылына жеткенде унаа бузулуп, от албай калган. Мындан улам Капарбек айылды карай кеткен.
Жабырдануучу белгилегендей, Мунарбек эч кандай кылмыш аракетин жасаган эмес. Мас абалда унаада уктап калган. Кийин «сайга түшүп, бети-колумду жууп келейин» деп кеткен. Иман экөө аларды күтүп отуруп, айылдагы дүкөнгө барышкан. Ал жердеги балдар: «Кимсиңер, эмне кылып жүрөсүңөр. Бул жерден кеткиле» деп айтканда Иман кетип калган.
Жабырлануучу милицияга окуя тууралуу өзү билдиргенин, ага келтирилген материалдык зыяндын орду толукталганын, айыпталуучуларды кечиргенин көрсөтүп, аларга карата жеңил жаза берүүнү суранды.
*Капарбек Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Ошондой эле 90 000 сом айып салынды.
Жазык кодексинин 79-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде Жогорку соттун 2019-жылдын 2- апрелиндеги токтому менен дайындалган жазанын өтөлбөгөн бөлүгү жарым-жартылай кошулуп, Капарбек биртоло 8 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ошондой эле 90 000 сом айып салынды.
Иман Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды. Ошондой эле 90 000 сом айып салынды.
Мунарбек Жазык кодексинин 348-беренесинин 1-бөлүмү (Кылмышты жаап-жашыруу) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Жазык кодексинин 83-беренесинин (Пробацияны) талабына ылайык, 1 жылга пробациялык көзөмөл колдонуу менен жаза өтөөдөн бошотулду.
Комментарийлер