Бишкек-Нарын жоунда үрөй учурган кырсык катталды

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды.
Маалым болгондой, окуя 2021-жылдын 7-ноябрында саат 21:20да Боом капчыгайындагы Кыз-Күйөө айылында катталган. Оор жүк ташуучу унаа Балыкчыдан Бишкекке 25 тонна көмүр жүктөп келе жаткан. Жолдон айдоочу уктап кетип, рулду башкара албай калган. Жерине саат 21:50дө 4 өрт куткаруучу, ошондой эле Кемин райондук №32 жол тейлөө мекемесинин краны тартылып, саат 00:40та айдоочу унаанын алдынан чыгарылган. Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Бар-Булак айылынын 2000-жылы туулган Д.А. аттуу тургуну болгон.
Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн бөлүмчө командири Эдил Насирдиновдун айтымында, унаа сол жакка кулап, айдоочунун буту жолдогу тосмо менен унаанын кабинасынын ортосуна кыпчылып калган.
«Саат 09:00дөн саат 00:40гө чейин кыпчылган бойдон жатты. Үнүн чыгарып, кыйналып жатты. Биз аны алаксытып, сүйлөшүп жаттык. Тез жардам келгенде ооруну сезбей турчу дары сайып коюшту. Ошого анча-мынча чыдап жатты.
Биз алгач кырдаалды байкап, ошого жараша иш кылып баштадык. Бир кызматкерибиз ичине кирип, айдоочуну колтугунан кармап, алаксытып турду. Куртка, мээлей кийгиздик. "Коркпо, сабырдуу бол, чыгасың, баары жакшы болот" деп дем берип жаттык. Өзүбүздүн жабдыктарыбыз менен унаанын кесчү жерлерин кестик. Эки тосмонун ортосунда арматуралар бар экен. Ошолорду кестик. Болушунча бошотууга аракет кылдык. Бирок чыгара албай койдук. Акырында кран алып келиш керек болуп калды. Ошол кранды көпкө чейин күтүп калдык. Ал Ысык-Көл облусу тараптан келди.
Мында көп убакыт иштедик. Мурда мынчалык узак иштеген эмеспиз. Айдоочунун өмүрү коркунучта турду. Ичибизден билген дубаларды айтып, тиленип жаттык. Кран келгенде эле дароо көтөрткөн жокпуз. Себеби өтө кооптуу болчу. Кран дароо көтөрүп жиберсе, биз кескен жерлер жулунуп кетиши ыктымал болчу. Анда баланы басып калмак. Өтө жаман иш болмок. Ошол үчүн акырындык менен 5-10 см көтөртүп, кайра токтотуп, ары-бери жагын карап жаттык. Бул жерде өтө этияттык менен иштедик. Кран айдаган айдоочу дагы тажрыйбалуу киши экен. Эгер туура эмес көтөрүп жиберсе, балага зыян келтирип коймок. Ал акырын көтөрүп берип, биз эки жагын кесип отуруп, акырын чыгарып кеттик.
Баланы чыгаргандан кийин тез жардам кызматына салып бердик. Андан кийин ооруканага артынан барып, абалын сурап, өздүгүн тактап коелу дедик. Барсак, айдоочу чарчаганынан уктап калыптыр. Ооруканада бир туугандары бар экен. Алар дагы паника болуп барып, араң токтошту. Биз кырсык болгон жерден буту муздап кетпесе экен деп улам текшерип жаттык. Кудай жалгап муздаган жок. Кан жүгүрүп жатканын билдик. Дарыгерлер дагы коркунуч жок деп айтышты», - деди ал.
№32 жол тейлөө мекемесинен автопогрузчик тартылып, оор жүк ташуучу унаадан төгүлүп, жолдун бир тарабын жаап калган көмүр тазаланган.
Комментарийлер