Ошто шайлоого карата мыйзам бузуулардын саны 18ге жетти

Ош облусунун аймагында шайлоого карата мыйзам бузуулардын саны 18ге жетти. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, 4-ноябрда саат 14:00 чамасында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Алай районунун аймагында эл менен жолугушуу учурунда мектеп имаратында окуучулар тосуп алган деген видеосу социалдык тармактарга чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү Алай РИИБдин электрондук журналына катталып, текшерүү жүргүзүлгөн.
«4-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкерлердин катарындагы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө эл менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууга Алай районунун Гүлчө айылынын тургундары – 2004-жылы туулган К. уулу Ш. менен 2006-жылы туулган С.А. катышкандыгы аныкталган. Топтолгон материалдардын жыйынтыгында кылмыштын жана жоруктун курамы аныкталбагандыгына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши ачылган жок. Бирок үгүттөө иш-чарасына жашы жете элек өспүрүмдөрдү колдонгондугу үчүн тиешелүү чечим кабыл алуусу боюнча шайлоо комиссиясына топтолгон материалдар жиберилди», - деп айтылат маалыматта.
- Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча Ош облусунун аймагында жалпысынан 18 учур катталган.18 учурдун ичинде социалдык тармакта тараган баннерлердин жоголушу тууралуу маалымат, административдик ресурс пайдаланылганы тууралуу тасмалар да кирет. Айрымдары шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылгандар.
Комментарийлер