Ноокатта 29 жаштагы жиги сабалды

Ош облусунун Ноокат районундагы 29 жаштагы жигит катуу сабалды. Бул маалыматты ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
- Буга чейин социалдык тармакка 28 жаштагы жигит катуу сабылып, ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат тараган.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, кечээ, 8-ноябрда саат 12:20да РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Билдирүүдө Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын тургуну — 1992-жылы туулган Т. уулу М. денесинен жаракат алып кайрылганы айтылат. Аталаган маалымат РИИБдин маалымат-электрондук журналына катталган.
Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө Н.Исанов айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын 29 жаштагы тургуну Т. уулу М. 7-ноябрь күнү саат 12:00 чамасында З., Б., З., Ж. аттуу өзүнүн айылдаш достору менен Н.Исанов айыл аймагынын Жаңы-Базар айылында чогуу спирт ичимдигин ичкен. З. аттуу досунун Ош шаарындагы сүйлөшкөн кызына анын унаасы менен барып, андан кийин Т. уулу М. Ош шаарынан кайра өзүнүн Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Кожо-Келең айылындагы сүйлөшкөн кызына жолугуу учун бара турган болуп сүйлөшүп, аталган айылга бара жаткан учурда анын жанында отурган З. аттуу досу аны муштумдап бетине ургандыгын, андан кийин эмне болгондугун эстей албаганын айткан.
«Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык-кодексинин 266-беренесинин (ээнбаштык) 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле бул чыр-чатактын шайлоого тиешеси жок экендиги аныкталды. Мындан сырткары Т. уулу М.нын З., Б., З., Ж. аттуу айылдаш достору Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан же кайсы бир саясий партиядан талапкерлердин үгүттөөчүсү болуп катталып же катталбагандыгын тактоо максатында тийиштүү шайлоо комиссиясына жана штабдарга каттар берилди. Учурда окуяга катышкан адамдардын өздүгүн жана жүргөн жерин тактоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Комментарийлер