13:40, 2021-ж., 9-ноябрь

"Талибан" аскердик парад өткөрдү

"Талибан" аскердик парад өткөрдү

«Талибан» Афганистандын Кандагар шаарында аскердик парад өткөрдү. Парадга мурдагы афган бийлигинин жана эл аралык күчтөрдүн аскердик транспорт каражаттары жана учактары тартылды.

Аскердик унаалар Кандагардын негизги көчөсүнөн, шаарды аэропорт менен байланыштырган жолдон өттү. Ошондой эле диний музыка жаңырып турду.

Учурда талибдер аскер бөлүктөрүн кайра уюштуруп, аталыштарын өзгөртүп, жаңы армия курап жатышат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы «Талибан» кыймылын террористтик уюм деп тапкан. Кыргызстанда анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...