БШК айрым шайлоо учаскалардын дарегин өзгөрттү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 8-ноябрдагы жыйналышында Чүй облусунун Сокулук районунун №7241, №7225, №7417, №7268, Алай районунун №5442, №5142, №5133, Ош облусунун Араван районунун №5518, Баткен облусунун Кадамжай районунун №8126, №8127, №8136 шайлоо участокторунун дарегин өзгөрттү.
Тактап айтканда:
- Чүй облусунун Сокулук районунун №7241 шайлоо участогунун дареги Фрунзе айылынын клубунун имаратынан Фрунзе айылынын №1 орто мектебинин имаратына;
- Чүй облусунун Сокулук районунун №7225 шайлоо участогунун дареги Жаңгарач айылынын Жетикашкаев атындагы орто мектебинин имаратынан Жаңгарач айылынын клубунун имаратына;
- Чүй облусунун Сокулук районунун №7417 шайлоо участогунун дареги Военно-Антоновка айылынын «Рассвет» клубунун имаратынан Военно-Антоновка айылынын «Султан-Хол» кафесинин имаратына;
- Чүй облусунун Сокулук районунун №7268 шайлоо участогунун дареги Камышановка айылынын клубунун имаратынан Камышановка айылынын орто мектебинин имаратына;
- Ош облусунун Алай районунун №5442 шайлоо участогунун дареги Сары-Могол айылынын спорт залынын имаратынан Сары-Могол айылынын маданият үйүнүн имаратына;
- Ош облусунун Алай районунун №5142 шайлоо участогунун дареги Арпа-Тектир айылынын маданият үйүнүн имаратынан Арпа-Тектир айылынын №24 орто мектебинин имаратына;
- Ош облусунун Алай районунун №5133 шайлоо участогунун дареги Согонду айылынын маданият үйүнүн имаратынан Согонду айылынын китепканасынын имаратына;
- Ош облусунун Араван районунун №5518 шайлоо участогунун дареги Маңгыт айылынын маданият үйүнүн имаратынан Маңгыт айылындагы ФАПтын имаратына;
- Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын №8126 шайлоо участогунун дареги Кадамжай шаарынын спорт залынын имаратынан Кадамжай шаарынын ЭТРнын имаратына;
- Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын №8127 шайлоо участогунун дареги Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүнүн имаратынан Кадамжай шаарынын сурьма чыгаруучу комбинаттын имаратына;
- Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын №8136 шайлоо участогунун дареги Ак-Турпак айылынын Ш.Жээнбаев атындагы орто мектебинин имаратынан Ак-Турпак айылынын клубунун имаратына;
- Ошондой эле Сокулук, Алай, Араван, Кадамжай округдук шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип, шайлоочулар арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Комментарийлер