• Башкы бет
  • Ош облустук балдар ооруканасында бейтаптардын саны өсүүдө
13:42, 2021-ж., 8-ноябрь

Ош облустук балдар ооруканасында бейтаптардын саны өсүүдө

Ош облустук балдар ооруканасында бейтаптардын саны өсүүдө

Ош облустук балдар ооруканасында бейтаптардын саны көбөйүп, орун жетишпей жаткандыктан Ош шаардык балдар ооруканасынан 60 керебет бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Ош шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Кыял Ташполотов билдирди.

Анын айтымында, аталган ооруканадан орундуктар бөлүнгөн менен ал жерде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык кызматкерлер жок. Ошондуктан Ош шаардык балдар оруканасындагы дарыгерлер эки-үч эсе көп жумуш аткарып, бир топ кыйынчылыктарга кабылууда.

«Биз кошумча жардам катары облустун аймагынан келген бейтаптарды кабыл алып жатабыз. Бирок андагы 100 орундуу ооруканага кошумча штат каралган эмес. Ал жерде дарыгер, медайым жана техкызматкер жок. Биздеги дарыгерлерге кошумча күч келип жатат. Алар үч эсе күч келип иштеп жатышат. Бул жакты деле, ал жакты деле карагыла деп жатабыз. Кошумча айлыктарын төлөп бергенге аракет кылабыз. Негизи эл жыш жайгашкан Кара-Сууга окшогон райондор кошумча керебеттерди коюп, сезондук ооруулар үчүн ачыш керек. Аймактагы эл көп райондордогу ооруканалардын ишин күчөтүү шарт. Ошондо Ош облустук балдар ооруканасына күч келмек эмес. Бул көрүнүш жылда кайталанган убактылуу болуучу кадимки көрүнүш», - деди Кыял Ташболотов.

Кыял Ташболотов орун жок деп ызы-чуу салуунун кереги жок экенин айтат. Бул мезгилдүү сасык тумоо. Буга чейинки жылдарда деле ушундай болуп келген. Бул маал балдар оорулары күчөгөн учур болот. Кар жаап, аба тазалангандан кийин оорулар азаят.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...