13:40, -ж., 8-ноябрь

Telegram алгачкы жарнаманы жарыялады

Telegram алгачкы жарнаманы жарыялады

Мессенжерде жарнамалык билдирүүлөр болорун буга чейин анын негиздөөчүсү Павел Дуров билдирген. "Медуза" агенттиги маалымдагандай, мындай билдирүүлөр "sponsored" деген белги менен ири Телеграмм каналдарда гана коюлат.

Каналдардын администраторлору кандай жарнама болорун алдын ала билишпей турганын айтышууда.

Telegram жарнамаларды 4-ноябрдан тартып сынай баштаган. Айрым ири каналдарда Дуровдун өзүнүн баракчасындагы жарнамалар чыгып жатат.

Telegram мессенжеринин түптөөчүсү жарнама миңден кем эмес катталуучусу бар гана каналдарга коюларын билдирген. Ал эми чаттарда жана группаларда коё берилбейт. Ошол эле учурда колдонуучулар жарнаманы өчүрүп коё алышат.

Telegram мессенжерин Орусияда төрөлүп өскөн Павел Дуров негиздеген. Ал Орусиядан 2014-жылы чыгып кеткен жана азырынча мекенине кайтып келбестигин билдирген. 2017-жылы “Форбс” журналы аны орусиялык 200 миллиарддердин катарына кошкон жана байлыгын 1,7 миллиард доллар деп баалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...