13:30, 2021-ж., 8-ноябрь
АКШ да бомба бардыгы тууралуу кабардан кийин үч университет окуу корпустарын эвакуациялады

АКШдагы Колумбия, Корнелл жана Браун университеттери окуу кампустарынын айрым бөлүгүн эвакуациялашканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Колумбия университетинде жардыруу болору тууралуу билдирүүдөн соң, чукул кырдаал жарыяланды. Окуу жайдын Columbia Daily Spectator гезити эки кампус эвакуацияланганын жазды. Кийинчерээк билдирүүлөр жалган болуп чыкты.
Корнелл университети "Твиттердеги" баракчасында окутуучуларды жана студенттерди коопсуз жерде болууга чакырды.
Браун университетинде билдирүүдөн соң бир нече окуу корпусу эвакуацияланганы, полиция иликтөө жүргүзүп жатканы кабарланды.
Жардыруу тууралуу билдирүүлөрдүн артында кимдер турганы азырынча белгисиз.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:23
Кечээ
13:20
-ж., 29-март
13:19
-ж., 29-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер