• Башкы бет
  • Орусияга иштегени кеткен боюнча дайынсыз болуп жактан Азамат изделүүдө
13:27, 2021-ж., 8-ноябрь

Орусияга иштегени кеткен боюнча дайынсыз болуп жактан Азамат изделүүдө

Орусияга иштегени кеткен боюнча дайынсыз болуп жактан Азамат изделүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылынын тургуну Азамат Эгембердиев 10 жылдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу эжеси Бурул Эгембердиева билдирди.

«Иним Азамат 1985-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Тоң районунун Ак-Өлөң айылында жашачу. 2010-жылдын 25-январында Москва шаарына иштегени кеткен. Телефон аркылуу сүйлөшүп, кабарлашып турчубуз. Арадан убакыт өтүп, 2011-жылдын сентябрь айынан баштап телефону өчүк болуп, иштебей калды. Ошондон бери эч бир дайыны жок болууда. Азаматтын 1 кызы чоң атасынын колунда. Аялынын жашоосу башка», - деди Б.Эгембердиева.

Бул адам тууралуу маалыматы бар жарандардан +79777884356, 0773 353 147 номуруна кабарлап коюуну өтүнөбүз.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...