• Башкы бет
  • Кыргызстанда бир жылда 950 аталышта китеп басылып чыккан
13:26, 2021-ж., 8-ноябрь

Кыргызстанда бир жылда 950 аталышта китеп басылып чыккан

Кыргызстанда бир жылда 950 аталышта китеп басылып чыккан

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары жана китеп басып чыгаруу тармагына мониторинг жүргүздү. Статкомдун маалыматына караганда, 2020-жылы 900 миң нуска менен 950 аталыштагы китеп басылып чыкты. Алардын 62% кыргыз тилинде чыккан. 2020-жылы 26 журнал, анын ичинен үчөөсү кыргыз тилинде, жылдык тиражы 67,6 миң нуска менен басып чыгарылган.

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, 2021-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган 1,8 миң чарба жүргүзүүчү субъекттер катталган. Акыркы беш жылдын ичинде алардын саны дээрлик 14% көбөйгөн. 166 көзкарандысыз телерадиокомпания бар.

Кыргызстанда 7-ноябрда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Бул дата кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу негизделген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...