• Башкы бет
  • Чүйдө жашы жете элек кызга ыплас аракеттерди көрсөткөн жаран соттолду
13:24, 2021-ж., 8-ноябрь

Чүйдө жашы жете элек кызга ыплас аракеттерди көрсөткөн жаран соттолду

Чүйдө жашы жете элек кызга ыплас аракеттерди көрсөткөн жаран соттолду

Октябрь айында Сокулук райондук соту 2020-жылы жашы жете элек кызга карата сексуалдык ыпылас аракеттерди жасоого шектелген адамга карата өкүм чыгарды.«Турмуш» басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу ким?

Айыпталуучу Алексей (аты өзгөртүлдү, М.А.С.) 1974-жылы туулган. Бойдок, мурда соттолгон эмес. Ага Жазык кодексинин 162-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен айып тагылып, камакка алынган.

Алексей (аты өзгөртүлдү, М.А.С.) 2020-жылы август айынын ортосунда 2012-жылы туулган Катеринаны (аты өзгөртүлдү) каралбай калган бала бакчага алдап алып кирип, сексуалдык мүнөздөгү ыпылас аракеттерди жасаган.

Алексей (аты өзгөртүлдү, М.А.С.) сотто окуяны ийне-жибине чейин айтып бере албастыгын, бирок анын кылмышы акыры бир күнү ачыкка чыгып каларын билип жүргөнүн айтты.

Соттон Катеринанын (аты өзгөртүлдү) апасы М.А. кызына ыпылас аракеттер жасалганын кантип билип калганын айтып берди. Ал кызы менен май айында мектепке бара жаткан. Анын алдында кызы «что такое секс?» деген сөздөрдү жазып, интернеттен маалымат издеп жатканын байкап калган. Ошондон кийин кызы менен бул эмне экенин, аны кантип билгени тууралуу сүйлөшкөн. Кызы ага бул жөнүндө эртең маалымат берерин айткан. Катерина (аты өзгөртүлдү) менен унаада мектепке бара жатып, экөө дагы сүйлөшө баштаган. Ошондо кызы ага айыпталуучу аны өзүнө чакырып, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганын айтып берген. Катерина (аты өзгөртүлдү) каршылык көрсөткөн. Бирок Алексей (аты өзгөртүлдү) ага бул жөнүндө кимдир бирөөгө, апасына айтканга болбой турганын айтып коркуткан. Кызы ошондуктан коркуп айткан эмес.

Ал Катеринаны (аты өзгөртүлдү) мектепке жеткирип коюп эле жарандык никедеги жолдошуна маалымат берген. Ал келип, экөө Алексейге (аты өзгөртүлдү) барышкан. Алексей (аты өзгөртүлдү) ошол учурда каралбай калган бала бакчада жашап жүргөн. Жолдошу ага телефон чалып, сыртка чыгууну айткан. Бирок ал эмне үчүн чыгышы керектигин сураган. Жолдошу болсо ага иш бере турганын айткан. Алексей (аты өзгөртүлдү) мас абалда чыккан. Алар жолдо бара жаткан учурда Алексей (аты өзгөртүлдү) тамеки алып берүүнү суранган. Бирок алар жолдон ага эмне үчүн келишкенин жана аны милицияга алып барышарын айтышкан. Ал «мени коё бергилечи, өзүм эле асынып алайын» деген. Бирок алар аны милицияга жеткиришкен.

Катеринанын (аты өзгөртүлдү) ата-энеси анын кыздык белгисин соттук-медициналык экспертизада текшертүүдөн баш тартышкан. Бирок соттук-психиатриялык текшерүүдө кыздын акыл-эси ордунда экени такталган. Соттук-психиатриялык текшерүүдө айыпталуучу Алексейдин (аты өзгөртүлдү) дагы акыл-эси ордунда экени аныкталган.

Соттун өкүмү:

Сот иштин материалдарын карап чыгып, айтыпталуучу Алексейди (аты өзгөртүлдү) Жазык кодексинин 162-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен айыптуу деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...