• Башкы бет
  • Студенттерди үгүт өнөктүгүнө тарткан мугалимдердин иши сотко жөнөтүлдү
11:03, 2021-ж., 7-ноябрь

Студенттерди үгүт өнөктүгүнө тарткан мугалимдердин иши сотко жөнөтүлдү

Студенттерди үгүт өнөктүгүнө тарткан мугалимдердин иши сотко жөнөтүлдү

Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында үгүттөөнү жүргүзүү эрежелерин бузган жана административдик эрежени пайдаланган учур орун алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге парламенттин депутаттарын шайлоону өткөрүү процесстерине кийлигишүүсүнө уруксат берилбейт.

Саясий партиянын үгүттөө кампаниясынын алкагында өткөн митингге катыштырууга Ош мамлекеттик университетинин студенттерин тарткан факты боюнча Ош ШИИБде сотко чейинки өндүрүш башталган.

«3-ноябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында саясий партиялардын бири иш-чара өткөргөн. Анда Ош мамлекеттик университетинин факультеттеринин биринин студенттери катышканы жана алар өз ыктыяры менен катышууга барышпаганы аныкталган. Бул маалыматты текшерүү үчүн жогорудагы университеттин окутуучулары менен студенттери Ош ШИИБге чакырылып, студенттердин көбү 18 жашка толо электиги, паспорт ала алектиги аныкталган. Студенттер көрсөтмө беришип, окутуучулар аларды экскурсияга алып барабыз деп чогултушканы менен борбордук аянтта өтүп жаткан саясий партиянын тарапташтары тарабынан өтүп жаткан митингге алып барып коюшкандыгын жана административдик ресурсту пайдаланышканын айтышкан. Жалпысынан 8 окутуучу менен 15 студент суракка алынган.

Бул факт боюнча Жоруктар жөнүндө кодекстин 87-1-беренесинин (административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) 1-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Партиянын бул иш-чарасында студенттердин катышкандыгын сүрөттөр менен видеолор тастыктай алат. Бул окуу жайдын окутуучусунун бирине жорукту жасоого шектелип жаткандыгы боюнча кабарлама тапшырылды. Азыркы учурда бул факт боюнча иликтөө аяктап, топтолгон материалдар сотко жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган университеттен студенттерди үгүттөө ишине катыштырган мугалимдерге сөгүш берилгенин билдиришкен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...