• Башкы бет
  • Тажик чек арачылары кыргызстандык унааларга таш ыргытышкан
11:00, 2021-ж., 7-ноябрь

Тажик чек арачылары кыргызстандык унааларга таш ыргытышкан

Тажик чек арачылары кыргызстандык унааларга таш ыргытышкан

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Баткен облусунун Лейлек районундагы окуя боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, окуя 4-ноябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматынын кызматкери Арка–Борбордук транзиттик жолунда «Хонда Аккорд» унаасы менен «Бостон» май куюучу станциясынын тушунда бурулуп жатканда Тажикстандын 5 чек арачысы унаага таш ыргыткан. Ошондой эле алар айдоочуну кармоого аракет жасашкан.

«Кыргызстандык чек арачы жабыркаган жок, бирок унаасы зыянга учурады. Бул факт боюнча териштирүү жүргүзүлөт. Кыргызстандын Лейлек району жана Тажикстандын Ганчин аймагы боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалууда», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...