• Башкы бет
  • Жашы жете элек кыздын зоордукталганы боюнча Жогорку сот өкүм чыгарды
10:57, 2021-ж., 7-ноябрь

Жашы жете элек кыздын зоордукталганы боюнча Жогорку сот өкүм чыгарды

Жашы жете элек кыздын зоордукталганы боюнча Жогорку сот өкүм чыгарды

Жогорку соттун коллегиясы 2021-жылдын сентябрь айынын этегинде Талас облусунда жашы жете элек кызга карата болгон сексуалдык мүнөздөгү аракеттер боюнча ишти кайра карап чыкты.

Жогорку сотко жабырлануучу кыздан даттануу түшкөн. Ал облустук соттун 2017-жылдын 21-февралындагы 129, 131-беренелер (1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодекси) боюнча өкүмүн 164-беренеге (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) өзгөртүүнү суранган.

  • Кылмыш болгон учурда кыз 11 жашта болчу. Андан бери 9 жыл өтүп, азыр 20 жашта.

Жогорку сот иштин материалдарын карап чыгып, облустук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

  • Айыпталган адам 16 жыл жаза мөөнөтүн толук өтөйт.

2016-жылы жабырлануучунун туугандары кызды зордуктоого 1985-жылы туулган эки бир тууган агасы Эмир (аты өзгөртүлдү Э.Д.) айыпталгандыгын айтып чыгышкан. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттер 2012-жылы башталып, 3 жылга созулган. Ал кезде кыз 11 жашта болчу. Кыздын туугандары милицияга биринчи жолу 2015-жылы 29-июлда кайрылышкан. Анын жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иш козголгон.

Кыздын туугандары иш Бакай-Ата райондук сотуна өткөрүлгөнүн айтышкан. Сот медициналык экспертизанын жыйынтыгына, бардык тактамалардын бар экенине карабай, Эмирди үй камагына алган. Иш сотто каралып жаткан учурда Эмирдин туугандары 14 миң доллар сунушташкан. Бирок алар баш тартышкан.

Андан кийин кыз 2 ай психиатриялык ооруканада дарыланган. Анын үй-бүлөсү 1 жылдан ашык Бишкекте жашоого мажбур болгон. Кыздын апасы анын зордукталганын кантип билип калышкандыгын айтып берген.

«Биз талаада иштейбиз. Бул жылы биз 1 гектар жерге помидор тигип, жыйнап жетише албай, кошумча жумушчуларды жалдаганбыз. Биз ишти бүтүрүп, адамдарга акчасын төлөп беришибиз керек болчу. Мен улуу кызыма телефон чалып, акчаны алып келишин сурадым. Ал бизге келе жатканда аны Эмирдин (аты өзгөртүлдү) аялы кармап алып, анын күйөөсү биздикине жөн жерден көп келбей тургандыгын айтып, кызымды гинекологго алып барууну сунуштаган. Биз гинекологго кийинки күнү бардык. Ошондо баары белгилүү болду», - деген ал.

Эмирдин (аты өзгөртүлдү) аялынын жообу:

Эмирдин (аты өзгөртүлдү) жубайы алардын каралоосу пландалган жалаа экендигин айткан.

«Жолдошум Эмир (аты өзгөртүлдү) экөөбүз 2008-жылы баш коштук. Башында экөөбүз тең студент болуп Бишкек шаарында жашап жүрдүк. 2011-жылы кайнатам оорукчан болуп калганына байланыштуу айылга көчүп келдик. Кайнатамдын 2 буту басчу эмес. Дайыма биздин көзөмөлдө эле. Эмирдин (аты өзгөртүлдү) кыз зордуктаганга дити барбайт, убактысы да болчу эмес. Күнөөлөгөн тарап мага көп жолу «Күйөөңдү карап жүр, биз аны жөн койбойбуз. Телевидение аркылуу шермендесин чыгарабыз» деп SMS жазып жүрүштү. Ошондо да ишенбей, акыйкаттык үчүн күрөшүп жүрө бердим. Акыры Эмирди (аты өзгөртүлдү) каматышты. Арадан убакыт өтүп, кайнатам каза болду. Андан кийин кайнагам каза болду. Эмир (аты өзгөртүлдү) өз атасына, агасына топурак сала албай калды», - деген жубайы.

Эмирдин (аты өзгөртүлдү) айылдаштары эмне дешкен?

2016-жылдын 26-декабрында айылдаштары 13 жаштагы тууганын зордуктоого шектелип абакта жаткан 31 жаштагы Эмирди (аты өзгөртүлдү)колдоп, акцияга чыгышкан. Алар Эмир (аты өзгөртүлдү)камакта мыйзамсыз отурганын айтышкан. Ал 5 убак намаз окуган, айыл ичинде кадыр-баркка ээ жигит. Ал достору менен чогуу 7 балалуу жалгыз бой энеге үй куруп берген.

Айылдаштары аталаш туугандардын ортосундагы чырдын башы 20 жыл мурунку окуяга барып такала турганын билдиришкен. Алгач 2 бир тууган жер талашып соттошуп жүрүп, акыры балдары да ошону ырбатышкан. Айылдаштары бул маселени кылдат иликтөөгө көмөк сурап парламентке, президентке кайрылышкан.

Эмирге (аты өзгөртүлдү) берилген жаза:

Манас райондук сотунун 2016-жылдын 2-сентябрындагы өкүмү менен Эмир (аты өзгөртүлдү) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 3-бөлүмү менен күнөөсүз деп табылып, жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси менен күнөөлүү деп табылган жана 1 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын жатак абагында өтөөсү белгиленген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин негизинде анын 2015-жылдын 30-июлуна чейинки алдын ала камоодо болгон ар бир күнү 3 күн эсебинде өтөлгөн деп эсептелип, белгиленген жазаны өтөгөн деп саналган.

Талас облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы өкүмү менен райондук соттун өкүмү жокко чыгарылган.

Облустук соттун өкүмү:

- Эмир (аты өзгөртүлдү) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү, 131-беренесинин 3-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылган;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү менен 20 жылга эркиндигинен ажыратылган;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 3-бөлүмү менен 3 жылга педагогдук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 6 жылга эркиндигинен ажыратылган;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча белгиленген жазаларды бири-бирине жарым жартылай кошуу жолу менен 22 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазаны күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абактарында өтөөсү каралган.

2019-жылдын 1-апрелинде Талас облустук сотунун өкүмү менен облустук соттун 2017-жылдын 21-февралындагы өкүмү дагы өзгөртүлгөн. Эмирдин (аты өзгөртүлдү ) аракеттери Жазык кодексинин 161-беренесине (зордуктоо) квалификацияланып, сот өкүмдү 15 жылга кыскарткан. 163-берене (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) боюнча жазаны 2 жыл 6 айга кыскарткан. Жазаларды бириктирүү менен Эмир (аты өзгөртүлдү) 16 жылга камалган болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...