• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэри асфальтталып бүткөн Алиев көчөсүндө иштин сапаты менен таанышты
11:43, 2021-ж., 5-ноябрь

Ош шаарынын мэри асфальтталып бүткөн Алиев көчөсүндө иштин сапаты менен таанышты

Ош шаарынын мэри асфальтталып бүткөн Алиев көчөсүндө иштин сапаты менен таанышты

Ош шаарын мэри Алмаз Мамбетов жаңыдан гана асфальттоо иштери аягына чыгарылган Э.Алиев атындагы көчөдө жүргүзүлгөн иштердин сапаты менен таанышып чыкты. Мэр тиешелүү жетекчилерге кетирилген айрым кемчиликтерди оңдоого тапшырма берди. Алар: айрым жерлерде бордюрлардын жоктугу, тротуарды курууда кетирилген кемчиликтер, жол ортосунан өткөн коммуникациялык кудуктардын оозун жабууда бирдей деңгээл сакталбай унаа өткөнгө тоскоол болгон учурлар, айрым жерлерде жаңы асфальттын чети жабылбай суу кире тургандай абалда калганы.

Эске сала кетсек шаардын так ортосундагы Эргеш Алиев атындагы көчөдө А. Сүйүнбаев көчөсүнөн М. Джиннах көчөсүнө чейин 1075 метр жерге жаңыдан асфальт төшөлүп, реконструкцияланды. Жол жээгине 1 километр жерге 2 тараптуу жаңы арык курулуп, 2 километр жерге 2 жагындагы тротуар асфальтталды. Жол белгилери сызылды.

Жол оңдоодон мурда жер алдындагы коммуникациялык куурлар жаңыланган. Коммуникациялык кудуктар корректировкаланган.

Бул көчөдө "Олимп" гимназия мектеби, "Жибек" балдар бакчасы жана жеке турак үйлөр бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...