• Башкы бет
  • Ош мэри таза суу менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышты
11:41, 2021-ж., 5-ноябрь

Ош мэри таза суу менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышты

Ош мэри таза суу менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышты

Оштун мэри Алмаз Мамбетов Мамыров көчөсүнөн Орке айылында курулуусу пландалган суу кампасына чейин тартылып жаткан суу куурларынынын курулуш иштери менен таанышты.

Долбоор Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынынын тургундарын таза суу менен камсыздоону максат кылат. Курулуштун биринчи этабында 4 насостук станциянын, 500 куб метрлик 2 суу кампасынын, , диаметри 200 мм болгон 7287 метрге созулган суу куурун куруу иштери бар. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат. 2021-жылдын октябрь айында башталган.

Калаа башчысы жумушту сапаттуу, мүмкүн болгон шартта ыкчам жүргүзүүнү тапшырды.

Долбоор Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...