• Башкы бет
  • Элге акысыз укуктук жардам берүү үчүн Юстиция министрлиги менен USAID кызматташат
11:34, 2021-ж., 5-ноябрь

Элге акысыз укуктук жардам берүү үчүн Юстиция министрлиги менен USAID кызматташат

Элге акысыз укуктук жардам берүү үчүн Юстиция министрлиги менен USAID кызматташат

Кыргызстандын калкына акысыз укуктук жардам берүү үчүн Юстиция министрлиги менен USAID уюму кызматташат.

Жарандардын сот адилеттигинен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү максатында меморандумга 3-ноябрда Бишкекте кол коюлуп, "Жигердүү жарандар" долбоорунун алкагында ишке аша турганы айтылды.

Макулдашууга ылайык, төмөнкү багыттарда кызматташуу болот:

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук маданиятты жогорулатуу үчүн укуктук базаны чыңдоо;

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборлорунун юристтери үчүн үзгүлтүксүз укуктук билим алуу, гендердик зомбулук, балдардын укуктары, жер/мүлк укуктары жана жарандык укук маселелери боюнча адистештирүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү аркылуу алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу;

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү борборлору менен юридикалык жардам көрсөткөн бейөкмөттүк уюмдардын ортосундагы кызматташууну күчөтүү;

Калктын укуктук кабардарлыгын жогорулатуу үчүн кампанияларды өткөрүү.

Меморандумга кол коюуга юстиция министри Аяз Баетов, "Жигердүү жарандар" долбоорунун башчысы Крегг Халстед баштаган адистер катышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...