14:08
-ж., 29-февраль
Кара-Буура районунда 16 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелген адам 3-ноябрда Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасына Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын июнь айында Кара-Буура районунун айылдарынын биринин 1971-жылы туулган тургуну Б.Б. зордуктоо беренеси боюнча кылмышка шектелип, бирок изин жашырып качып кеткенине байланыштуу издөө жарыяланган. Милиция кызматкерлеринин аракетинин негизинде ал кечээ, 3-ноябрда Бишкек шаарынан кармалып, Кара-Буура РИИБге жеткирилди. Ал жакын туугандарынын үйүндө жашырынып жүргөн. Ошол учурда милиция кызматкерлери колго түшүрүшкөн. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүү азыркы учурда тергөөдө сурак берүүдө.
Комментарийлер