Кыргызстан "Талибан" кыймылын тааный элек

Кыргызстан Ооганстандагы бийликте турган "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылын расмий тааный элек.
Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков бүгүн, 4-ноябрда Бишкекте Ооганстандагы кырдаалды талкуулаган тегерек үстөлдө билдирди. Ал өткөн жумаларда бир канча күн Кабулда болгонун айтты.
"Ашраф Ганинин учурунда бажыдан 5 млн доллар күнүнө түшүп турчу экен. "Талибан" кыймылы бийликке келгенден бери соода, экспорт-импорт 80% азайган. Бирок күнүнө бажыдан 4.5 млн. доллар түшүп жатыптыр. Муну мага БУУнун кызматкерлери айтышты. Жакшы жактары да бар. Мен бийликтин адвокаты болгум келбейт, бирок жакшы жактарын айтып коюу керек. Азырынча биз ооган өкмөтүнө жардам бере албайбыз. Аларды расмий тааныбайбыз, бирок биз алар менен кызматташуубуз керек", - деди Масадыков.
Жыйында сөз сүйлөгөн дипломат, мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев Кыргызстандын Ооганстанда этникалык-саясий кызыкчылыгы жок экенин белгилеп, ооган Бадахшанындагы аз сандагы кыргыздардын көйгөйү гуманитардык маселеге жатарын айтты.
Дипломат Кыргызстан үчүн маселе Пакистандагы жана Ооганстандын түндүгүндөгү Кыргызстандан барган кыргыздар экенин белгиледи.
Азырынча дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Октябрь айында Евробиримдик Ооганстандагы гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн 1 миллиард еврого тете каражат бөлө турганын билдирген.
Өткөн аптада АКШ Ооганстандагы каатчылыктан жапа чеккендерге 144 миллион доллардык жардам көрсөтүлө турганын жарыялады. Батыш мамлекеттери оогандыктарга гуманитардык жардам көрсөтүү - талибдердин бийлигин таануу дегенди билдирбей турганын баса белгилеп келет.
Комментарийлер