• Башкы бет
  • Ноокенде адам өлтүргөн жаран кармалды
12:16, 2021-ж., 4-ноябрь

Ноокенде адам өлтүргөн жаран кармалды

Ноокенде адам өлтүргөн жаран кармалды

Ноокенде ичимдик ичип отуруп, сөз талашуудан чыккан чыр өлүм менен аяктады.

Таанышын өлтүрүп, анын денесин жашыруу үчүн араба менен талаага алып барып таштап, жарым-жартылай өрттөп, жерге көмгөн шектүү кармалды. Бул маалыматты аймактык кабарчы жергиликтүүлөргө таянып билдирди.

Маалым болгондой, 21-октябрда жергиликтүүлөр адырда белгисиз адамдын жансыз денесин таап алып, милицияга кабар беришкен.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, 21-октябрь күнү Ноокен РИИБге 102 кызматына Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынын жергиликтүү тургундарынан кабар түшүп, анда Богот участкасынын түндүк тарабындагы адырлуу ээн талаада, уңкур-чуңкур жерде белгисиз адамдын жансыз денеси сөөктөрү көрүнүп калган абалда жатканы айтылган.

Окуя болгон жерге Ноокен районунун прокурору жана РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, тиешелүү кызматкерлер барышып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип, ишке керектүү материалдар чогултулуп алынган. Белгисиз адамдын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүү учурунда жынысы эркек, жашы болжол менен 35-40 жаш куракта, жансыз дене узак убактан бери туруп, эттери кургап, сөөктөрү көрүнүп калган абалда экендиги аныкталган.

Аталган фак Ноокен РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин негизинде (Киши өлтүрүү) сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Анын алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген. Жүргүзүлгөн иштердин негизинде каза болгон адам Ноокен районунун 39 жаштагы тургуну М.М. экендиги аныкталган.

Өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары ошол эле райондун 1972-жылы туулган тургуну Т.А. жаран аныкталган.

Сурак учурунда шектүү Т.А. окуя 2021-жылдын 9-октябрь күнү болгонун мындайча айтып берген: Богот участкасындагы үйүндө М.М. бирге арак ичип отуруп, сөз талашып уруша кетишкен. Андан кийин аны ичине бычак сайып өлтүрүп, арабага салып, айылдын четиндеги адырлуу талаага алып барып, көмүп койгон. Далил зат катары араба, бычак жана башка тиешелүү буюмдар алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Ноокен райондук тергөө сотунда шектүү А.Т.нын баш коргоо чарасы каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...