• Башкы бет
  • Сузакта сойкулукка көмөктөшүүгө айыпталып жаткан келиндин соту болду
12:11, -ж., 4-ноябрь

Сузакта сойкулукка көмөктөшүүгө айыпталып жаткан келиндин соту болду

Сузакта сойкулукка  көмөктөшүүгө айыпталып жаткан келиндин соту болду

Сузак райондук соту сойкулукка жана ыпыластыкка көмөктөшүүгө айыпталган Разиянын (аты өзгөртүлдү) жазык ишин карап чыкты.

Ал 1991-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында туулган, үй-бүлөлүү, бир баланын энеси. Билими орто, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (сойкулукка жана ыпыластыкка көмөктөшүү) менен айыпталып жатат.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Разия Сузак районундагы айылда өзү жашап жаткан үйдүн эки бөлмөсүнө сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жай уюштурган. 2021-жылдын 20-августунда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кармалган.

Сот отурумунда айыпталуучу Разия угузулган айыбы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, төмөндөгү маалыматтарды айтты. Үйүнүн эки бөлмөсүн Сунамхан (аты өзгөртүлдү) менен Тажиканга (аты өзгөртүлдү) ижарага берген. Алар аталган эки бөлмөнү көмүскө жай катары колдонуп, кардарлардан бир саатына 800 сомдон алып келишкен. Ал эми Разия ал акчадан 300 сомдон алып турган. 2021-жылдын 20-августунда саат 20:50 чамасында үйүнө милиция кызматкерлери барып, тинтүү жүргүзүшкөн. Алар Разиянын жанынан 800 сом табышкан.

Айыпталуу жасаган иши үчүн чын дилинен өкүнөрүн айтып, соттон жеңилдик берүүнү сурады.

Разия Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 1 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.

Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде ал 1 жылга пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу эркиндигинен ажыратуу жаза өтөөдөн бошотулду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...