• Башкы бет
  • Айпери Медетбек кызы күрөш боюнча дүйнөлүк мелдештин финалына чыкты
12:05, 2021-ж., 4-ноябрь

Айпери Медетбек кызы күрөш боюнча дүйнөлүк мелдештин финалына чыкты

Айпери Медетбек кызы күрөш боюнча дүйнөлүк мелдештин финалына чыкты

Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

Бул күндөрү Белградда (Сербия) 23 жашка чейинки спортчулар арасында турнир өтүүдө. Кыргызстандык балбан мелдешти 3-ноябрда 76 килограммга чейинки салмак категориясында баштаган.

Медет кызы биринчи беттеште Эквадордон келген спортчу менен беттешип, туше менен жеңип алса, чейрек финалда Индиядан келген спортчуну 28 секундда уткан.

Жарым финалдык беттеште Айпери Медет кызы атаандашы — америкалык спортчуну 8:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Бүгүн, 4-ноябрда 23:00дө кыргыз балбаны финалда колумбиялык спортчу менен алтын медаль үчүн беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

76 кг чейин

1/8 финал

Айпери Медет кызы - Генесис Росангела Риско Валдез (Эквадор) - Айпери Медет кызы туше менен жеңди

1/4 финал

Айпери Медет кызы - Бипаша (Индия) - Айпери Медет кызы туше менен жеңди

1/2 финал

Айпери Медет кызы - Кайли Рени Велкер (АКШ) - 8:0

Финал

Айпери Медет кызы - Татьяна Рентерия (Колумбия)

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...