• Башкы бет
  • Жеке ишкер УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды
14:03, 2021-ж., 3-ноябрь

Жеке ишкер УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

Жеке ишкер УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн делген  фактысы аныкталды. 

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын аткарылган иштердин актылары менен аталган мектепти кабыл алуу документтеринде айырмачылыктар аныкталган.

Аталган кылмыш иши боюнча аудитордук текшерүү дайындалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени аныкталган.

“Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын директору К.Т.И.  УКМКнын кызматкерине бааларды макулдашуу маселесинде «оң жагына чечүү» үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалды.

2021-жылдын 2-ноябрында "Юг-Спецавтоматика" ЖЧКсынын директору К.Т.И. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышка шектүү делип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...