14:01, 2021-ж., 3-ноябрь
Ош шаарында 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарындагы №30 «Айданек» бала бакчасынын 100 орундуу кошумча имаратынын ачылышы болду. Иш-чарага вице-мэр Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрөгасынын орун басары Шайырбек Нуранов жана бала бакчанын кызматкерлери катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.
Венера Рыскулова бала бакчанын жамаатына мэриянын эсебинен 50 миң сомдук сертификат тапшырды.
«Күндөн-күнгө бала бакча, мектептерге талап өсүп жатат. Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыктын тургундары үчүн жардам болуп, 100 орундуу кошумча имарат курулуп, бүгүн ачылышы болуп жатат. Бүгүнкү күндө Туран, Ирригатор аймактарында дагы үч бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Буюрса булар эмки жылга бүтүп калат », - деди Венера Рыскулова.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:02
15:04
-ж., 25-март
14:53
-ж., 25-март
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер