• Башкы бет
  • Араванда рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар аныкталды
13:59, 2021-ж., 3-ноябрь

Араванда рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар аныкталды

Араванда рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар аныкталды

Кечээ, 2-ноябрда Оштогу Араван районунда рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар аныкталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу билдирди.

Анын айтымында, рейдге президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Араван районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ош облустук экология кызматынын, Араван райондук салык кызматынын кызматкерлери жана РЭТтин жетекчилери катышты. Анын жүрүшүндө Алля Анаров айыл өкмөтүнө караган жайытта жарандар тарабынан мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар аныкталды. Аталган айыл өкмөттүн жашоочулары тарабынан 8 от казан курулуп, тиешелүү кызматтардан уруксат кагазы алынбай, көп жылдан бери мыйзамсыз түрдө акиташ чыгарып келишкен. Анын кесепетинен экологияга чоң зыян келтирилип, аталган жайга чоң көлөмдөгү таштанды топтолуп калган.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар 1-декабрь күнү ишмердүүлүгүн токтотууга милдеттендирилди. Ошондой эле экологияга келтирилген зыян аныкталып, айып пул салынат. Мындан сырткары буга чейин топтолуп калган таштандыны тазалоо тапшырмасы берилди. Аталган жайда иштеп жаткан жергиликтүү тургундарга долбоор иштеп чыгып, тийиштүү уруксат кагаздарын алып, мыйзамдуу түрдө ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деди Эрмек Муратбек уулу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...