• Башкы бет
  • Көп жылдан бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Москвадан кармалды
13:47, 2021-ж., 3-ноябрь

Көп жылдан бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Москвадан кармалды

Көп жылдан бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Москвадан кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү менен Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн биргелешкен ишинин натыйжасында ири алдамчылык аракеттери үчүн Кыргызстанда издөөдө жүргөн жарандын турган жери аныкталып, кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 29-октябрда Москва шаарында издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну — 1982-жылы туулган Э.О. кармалды.

Алынган маалыматка караганда, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин 14 алдамчылык фактысын жасоого шектелип, 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 доллардан ашат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жаран узак убакыт бою жасалма документтерди жасап, өзүн соода жайынын ээси катары көрсөтүп, жарандарды алдап, башка бирөөнүн мүлкүн чоочун адамдарга мыйзамсыз сатып жүргөн.

Э.О. 2015-жылдан бери Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн, 2016-жылдын сентябрь айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Маалым болгондой, издөөдө жүргөн жаран Москва шаарында жүргөндө жакын тууганынын паспортун колдонуп, 5 жыл изин жашырууга үлгүргөн.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...