УКМКнын имаратынын алдында бир нече жаран митинг уюштурду

Бүгүн, 2-ноябрда УКМКнын имаратынын жанында Лев Толстой көчөсүнүн №126/8 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын митинги өтүүдө.
Алардын айтымында, турак жайды «Оргтехстрой» компаниясы куруп, 2018-жылы пайдаланууга берилген. Тургундар батирине көчүп киришкен, бирок компания батирлерди менчикке өткөрүп бере элек.
«29-октябрда үйүбүз кайрадан сатыкка коюлганын билдик. Көрсө, компания үйдү банкка күрөөгө койгон экен. 29-ноябрда кайрадан аукцион болот, бул тууралуу биз кире бериштеги кулактандыруудан улам билдик», - деп белдирди митингдин катышуучулары.
Жашоочулар сатыктан кийин акчасын төлөгөн турак жайынан кол жууп калышы мүмкүн экенин айтышты. Буга байланыштуу митингчилер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден алардын көйгөйүнө көңүл бурууну суранууда.
Бир аздан кийин митингчилерге УКМКнын кызматкери жолукту. Алардын арыз-муңун угуп, арыз калтыруу үчүн митингге катышып жаткандардын бирин имаратка кирүүгө чакырды.
Комментарийлер