Аба ырайы: 4-5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрөт

4-ноябрда жана 5-ноябрда түнкүсүн аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
4-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөн зонасында жаан карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
4-6-ноябрь аралыгында абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2°…-7°,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3°…-8°,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…5°,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1°…-6°,
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10...-15°, күндүз -2...-7°,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26 градуска чейин, күндүз -10...-15 градуска чейин үшүк жүрөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, жайыттарда малды кармоону, унаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Комментарийлер